Япония Өзбекстандын энергетика тармагына 1,45 млрд доллар инвестиция салат

Борбор Азия Загрузка... 29 Октябрь 2025 17:15
29_photo.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Самарканд, 29.10.25. /Кабар/. Япониянын бир катар ири банктары Өзбекстандын Самарканд облусунда жалпы наркы 1,45 млрд долларды түзгөн эки заманбап энергетикалык комплекс курууну каржылай турган болду.

Самарканд облусунун хокимиятынын маалыматына ылайык, жаңы комплекстердин жалпы кубаттуулугу 1000 мегаваттка жетет. Бул Өзбекстандын энергетикалык тең салмактуулугун диверсификациялоого багытталган маанилүү кадам катары бааланууда.

Каржылоонун негизги бөлүгүн — 635 млн долларды — Япониянын Эл аралык кызматташтык банкы (JBIC) бөлөт. Мындан тышкары, долбоорго Япониянын ири жеке каржы институттары — Sumitomo Mitsui Banking Corp. жана Norinchukin Bank — да катышууда.

Долбоордун тобокелдиктери Япониянын экспорттук-инвестициялык камсыздандыруу уюму NEXI тарабынан камсыздалат.

Бул демилге Самарканд облусунун өнөр жай жана энергетикалык мүмкүнчүлүгүн арттырып, аймактын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошору күтүлүүдө.