Япония, Германия жана АКШга продукция экспорттогон Баткендеги кондитер цехи кеңейүүдө

Экономика Загрузка... 07 Март 2025 12:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon РКӨФ

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду Баткен облусунун Кадамжай районунда кондитердик азыктарды өндүрүүнү кеңейтүү боюнча долбоорду каржылады.

РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков маалымдагандай, фонддун өнөктөш банкы болгон “Элдик Банк” ААКсы аркылуу 8 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү. Аянты 267 чарчы метрди түзгөн жаңы кондитердик цехтин курулушун камтыган долбоорду каржылоо 2024-жылдын ноябрындагы ачык эшиктер күнүндөгү презентациядан үч ай өткөндөн кийин болду.

Жаңы цех заманбап жабдуулар менен жабдылат, бул өз кезегинде өндүрүштү автоматташтырууга жана продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күндө компания Япония, Германия жана АКШга экспорттоп жаткан таттуу кекстери, пряниктери жана малина кошулган печеньелери менен белгилүү.

Новиков бул бизнестин өзгөчөлүгү социалдык жоопкерчилик экенин белгиледи. Анткени кирешенин бир бөлүгү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын реабилитациялык борборун колдоого жана өнүктүрүүгө багытталат.

“Бул долбоор ийгиликтүү бизнести коомдук пайда менен айкалыштыруунун үлгүсү. Мындай демилгелерди колдоо фонддун ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. РКӨФ Кыргызстандын аймактарында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү каржылоону улантат, жаңы жумуш орундарын түзүп, калктын жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшөт”, - деп кошумчалады ал.