Январда ички дүң продукция 125,7 млрд сомду түздү

Экономика Загрузка... 16 Февраль 2026 18:00
03_lIvR9ie.2e16d0ba.format-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь айында алдын ала эсептөөлөр боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 125,7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу 9 пайызга өскөн.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш тармактары, кызмат көрсөтүү чөйрөсү жана продукттарга болгон таза салыктар менен камсыздалды. Мында товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январына салыштырмалуу 11,8 пайыз, кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү темпи 8,9 пайыз, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 5,4 пайызга жогорулады.  

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (52,3 пайыз) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди, бул өткөн жылдын январына салыштырмалуу 2,0 пайыздык пунктка төмөндөдү, ошол эле убакта товар өндүрүү тармактарынын үлүшү тескерисинче 4,2 пайыздык пунктка  жогорулады жана 30,7 пайызды түздү. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,3 пайыздык пунктка, курулуштун үлүшү - 0,3 пайыздык пунктка жогорулады, ошол эле убакта айыл чарбасынын үлүшү - 0,4 пайыздык пунктка төмөндөдү.