Январь-июль айларында Соцфондго 12 808 кайрылуу түшкөн

Коом Загрузка... 01 Август 2025 11:54
shutterstock_21809515_resized.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь-июль айларында Социалдык фонддун Call-борборуна 12 808 кайрылуу түшкөн.

Кайрылуулардын көпчүлүгү топтомо пенсия – топтолгон каражаттар жана аларды алуу тартиби, пенсия чектөө, жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери, башка пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу маселелерине байланыштуу болгон.

Ал эми акыркы июль айында 1 425 кайрылуу кабыл алынган. Анын ичинен:

  • 443 - телефон чалуу;
  • 982 - онлайн-офлайн чат аркылуу түшкөн.