Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 26-ноябрда Япониянын Токио шаарында XXV Сурдлимпиада оюндарынын жабылыш аземи болуп өттү.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, быйыл ага 81 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышып, спорттун 19 түрү боюнча беттештер өттү. Кыргызстан курамасынын атынан эркин күрөш, грек-рим күрөшү, таэквондо, дзюдо жана стол тенниси боюнча 18 спортчу ат салышты.
Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар жалпы алты медаль утту: эки алтын жана төрт коло.
Алтын медаль ээлери:
Смадияр Жумакадыров – грек-рим күрөшү, 60 кг;
Адилет Жапаркулов – эркин күрөш, 74 кг.
Коло медаль ээлери:
Динмухамед Бигелдиев – грек-рим күрөшү, 67 кг;
Нарту Абдрахманов – грек-рим күрөшү, 97 кг;
Байсалбек Орозали уулу – дзюдо, 60 кг.
Азамат Мавлонов – таэквондо, 80 кг.
Сурдлимпиада оюндары (Deaflympics) - угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн эң ири эл аралык спорттук мелдеш. Ал төрт жылда бир өткөрүлүп, эл аралык олимпиада комитети тарабынан таанылган. Сурдлимпиада кыймылы 1924-жылы Парижде башталып, анын өзгөчөлүгү - оюндардын уюштурулушу жана башкарылышы толугу менен эл аралык дүлөйлөр спорту комитети (ICSD) аркылуу жүргүзүлөт.
Токиодо өткөн быйылкы оюндар 15-ноябрдан 26-ноябрга чейин созулду.