Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. XXIV эл аралык Ысык-Көл спартакиадасында УКМК кызматкери жеңүүчү аталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 115 кг салмакта 9-кызматтын кызматкери сумо күрөшү боюнча Өзбекстан, Россия жана Кытайдан келген күчтүү атаандаштарын утуп, 1-орунду ээледи. Бул жеңиш спортчулардын даярдыгынын жана күчтүүлүгүнүн ачык далили болуп калды.
Белгилей кетсек, 4-сентябрдан 12-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарында КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин XXIV эл аралык Ысык-Көл спартакиадасы “Азия– шериктештиктин жана тынчтыктын аймагы” урааны астында өтүүдө.