XIII Республикалык театр фестивалына 14 спектакль катышат

Маданият Загрузка... 11 Сентябрь 2025 12:00
3552617.43301335b9aaa826aba8a15662cb47c1.jpg
copyright icon www

Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2025-жылдын 15-20-сентябрь күндөрү Ош шаарында XIII Республикалык театр фестивалы өтөт.

Ведомстводон билдиришкендей, бул ири маданий иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргыз ССРнин эл артисти Сулайман Андабековдун 100 жылдык мааракесине арналган.

Фестивалга өлкөнүн бардык аймактарынан келген 14 театр катышып, ар бири өзүнүн мыкты деген бирден спектаклин тартуулашат.

Фестивалдын расмий ачылыш аземи 16-сентябрда саат 11:00дө С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын алдындагы аянтта өткөрүлөт. Жабылуу аземи 20-сентябрь күнү саат 18:00дө ошол эле театрда болот.

Спектаклдер Ош шаарындагы эки чоң театрда — С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында жана Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында коюлат. Бардык иш-чараларга жана спектаклдерге кирүү акысыз.

Программага ылайык, фестиваль 15-сентябрда башталып, күн сайын үчтөн спектакль көрсөтүлөт. Театрлардын репертуарында Чыңгыз Айтматов, Султан Раев, Мар Байжиев, Назгүл Рыскул кызы, Шекербек Термечиков жана башка белгилүү авторлордун чыгармалары орун алган. Мындан тышкары, “Эне”, “Он экинчи күн”, “Биринчи мугалим”, “Эр Төштүк” жана “Чиркин өмүр” сыяктуу белгилүү спектаклдер да көрүүчүлөргө сунушталат.