Volkswagen Өзбекстанда унаа чыгара баштайт

Борбор Азия Загрузка... 13 Июнь 2025 13:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 13.06.25 /Кабар/. Германиянын Volkswagen компаниясы Өзбекстанда унаа чыгарууну жолго коюу максатында «Өзавтосаноат» компаниясынын курамында болгон Alyans Auto менен кызматташуу боюнча келишим түздү.

Volkswagen Passenger Cars компаниясынын сатуулар, маркетинг жана сатуудан кийинки тейлөө боюнча кеңеш мүчөсү Мартин Сандердин айтымында, Унаанын тетиктери Кытайдан алынып келет, ал эми Өзбекстанда чогултулат. Карыдарларга сегиз заманбап седан жана кең салондуу жол тандабас үлгүлөрү сунушталат.

«Өзбекстан учурда кирешелердин өсүшү менен автоунаа базары тездик менен өнүгүп жаткан өлкө. Калктын саны көбөйүп жатканы да ишенимдүү жана сапаттуу унааларга болгон муктаждыкты күчөтүүдө. Бул шарттар Volkswagen үчүн Өзбекстанды Борбор Азиядагы стратегиялык рынок катары карап чыгууга негиз болууда», деп айтты Сандер мырза.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Volkswagen менен «Өзавтосаноат» Джизак эркин экономикалык зонасында коммерциялык унааларды чыгаруу боюнча кызматташтыкты баштаган. Ал кезде унаалар Jizzakh Auto заводунда чогултулуп, сатыкка чыккан. Бирок кийин, Volkswagen компаниясы Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотуп, региондон чыгып кеткенден кийин, бул долбоор да убактылуу токтоп калган. Эми Alyans Auto менен түзүлгөн жаңы келишим аркылуу Volkswagen Өзбекстанга расмий түрдө кайра кайтып келип, рынокто туруктуу жана узак мөөнөттүү орун ээлөөгө бел байлап жатканы байкалат.