Бишкек, 26.11.25. / Кабар/. Күн мурун, 25-ноябрда Россия президенти Владимир Путин мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келди.
Бүгүн, 26-ноябрда Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында "Ынтымак Ордодо" эки өлкөнүн лидерлеринин расмий жолугушуу аземи өтөт. Андан соң, Владимир Путин менен Садыр Жапаров кыргыз-орус эки тараптуу сүйлөшүүлөрүн өткөрүшөт.
Буга чейин Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргендей, Сүйлөшүүлөрдө саясий, соода-экономикалык жана гуманитардык тармактарда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн негизги маселелерин талкуулоо пландаштырылган.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кеңири курамда соода-экономикалык, энергетика жана миграция чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелери талкууланат.
Россиялык делегациянын курамында РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук, ошондой эле жети министр бар.
Алар:
- ички иштер министри Владимир Колокольцев;
- спорт министри Михаил Дегтярев;
- саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко;
- транспорт министри Андрей Никитин;
- экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников;
- илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков;
- энергетика министри Сергей Цивилев.
Ошондой эле Борбордук банктын төрагасы Элвира Набиуллина, ФСВТС башчысынын орун басары Михаил Бабич, Росатомдун башчысы Алексей Лихачев жана башка федералдык мекемелердин өкүлдөрү кирген. Андан тышкары, делегациянын курамында россиялык бизнес өкүлдөрү бар.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча президенттер союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюлары күтүлүүдө.
Ушаков белгилегендей, бардыгы болуп билим берүү, экономика, саламаттыкты сактоо, миграция, эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана "Россия Почтасы" менен "Кыргызстан почтасынын" ортосундагы макулдашууну камтыган 7 документ иштелип чыккан.