Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди — Кабар

Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди

Саясат 25 ноябрь 2025 19:50
IMG_3084.jpeg
590603268_1406255891509041_3118610098060534417_n.jpg
589641100_1406255868175710_3095103348250733767_n.jpg
589635053_1406255561509074_1204355584801354539_n.jpg
590845279_1406255818175715_7391678695538909252_n.jpg
589640121_1406255698175727_6356728610168006337_n.jpg
589463279_1406255928175704_193159020376154579_n.jpg
588422999_1406255788175718_5913245764120807713_n.jpg
589555033_1406255764842387_1263898794432020746_n.jpg
589464550_1406255661509064_6722121530113927253_n.jpg
590663922_1406255591509071_8468141879555011342_n.jpg
589420525_1406255634842400_4120767403645933572_n.jpg
589631696_1406255664842397_8782631961679405405_n.jpg
590571527_1406255534842410_5524058319315520621_n.jpg
589627766_1406255491509081_8680994941824506628_n.jpg
589740215_1406255514842412_339990913011444174_n.jpg
590714119_1406255481509082_1705918512892266014_n.jpg
589824848_1406255488175748_7775588765275368661_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин бүгүн, 25-ноябрда мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келди.

Жогорку мейманды “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол тизилген.

Перрондо улуттук боз үйлөр тигилип, этно-жоокерлер алгыр куштар жана тайгандар менен көчмөн эл маданиятынын элементтерин чагылдырышты.

Андан соң мамлекет башчылар үчүн эки элдин музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусундагы чакан концерттик программа тартууланды.

Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын лидерлери эртең, 26-ноябрда эки жактуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо перспективаларын талкуулашат.

Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.