VII Көчмөндөр оюндары Татарстанда өтөт — Кабар

VII Көчмөндөр оюндары Татарстанда өтөт

Көчмөндөр оюндары-2026 31 август 2026 22:05
a2fa490f-6c64-4773-a277-22326e09d660.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Татарстанда өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы Россия Федерациясынан 2028-жылы VII Көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экендигин билдирген расмий кат келгенин жарыялады.

“Бул үчүн Россия Федерациясынын өлкө жетекчиси, урматтуу Владимир Владимирович Путинге терең ыраазычылык билдирем. Биз бул эл аралык маанилүү иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүдө Россия тарапка ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даярбыз жана колдоо көрсөтөбүз”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу жана дүйнөгө жайылтуу максатында Кыргызстан тарабынан демилгеленген ири эл аралык иш-чара болуп саналат. Оюндар 2014, 2016 жана 2018-жылдары Ысык-Көлдө, 2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда өткөрүлгөн. Ал эми быйыл, 2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөрүлүүдө.