Бишкек, 17.09.25 /Кабар/. Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун дарылоо бөлүмүнүн башчысы Аида Мамырбаева “Кабар” агенттигине берген маегинде Кыргызстандагы ВИЧке (адамдын иммундук жетишсиздик вирусу) каршы күрөшүү ыкмалары, бул илдет тууралуу коомдо айтылып келген имиштер жана андан жабыркаган адамдар заманбап дары-дармектердин жардамы менен толук кандуу жашай ала тургандыгы тууралуу айтып берди.

- ВИЧ деген эмне жана ал СПИДден эмнеси менен айырмаланат?
- ВИЧ инфекциясы – бул акырындап күчөй турган жугуштуу жана өнөкөт оору. Ал экинчи даражадагы ооруларды пайда кылуу менен иммундук системанын жабыркашына жана иммундук жетишсиздиктин өөрчүшүнө алып келет. Ошондуктан ВИЧ менен жашаган адамдар өмүрүнүн акырына чейин медициналык жардамга муктаж болушат.
Ал эми СПИД (адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу) – ВИЧ инфекциясынын акыркы стадиясы болуп саналат. Ооруну жугузган адам дарыланбай жүрө берсе, адатта ал орто эсеп менен 7–10 жыл ичинде күчөп, иммундук системанын кыйрашына алып келет.
- ВИЧ кантип жугат? Негизги жугуу жолдору тууралуу айта кетсеңиз.
- Бул илдет негизинен кан аркылуу жугат. Көбүнчө баңгизат колдонууда, бирок ошондой эле стерилдүү эмес медициналык шаймандарды колдонууда, кан куюу учурунда, татуировка, пирсинг жасатууда булганган шаймандар аркылуу, башкалардын устарасын же маникюр жасоочу куралдарын колдонууда жугушу мүмкүн.
Ошондой эле презерватив колдонулбаган жыныстык катнаш учурунда жугат. Ал тургай бир эле жолу болгон катнаш аркылуу да жугуп калышы ыктымал.
Андан сырткары, кош бойлуулук учурунда энеден балага, төрөт учурунда жана эмчек эмизүүдө да жугуп калышы мүмкүн.
- ВИЧ жугузуп алган адамда кандайдыр бир белгилер болобу же тест аркылуу гана аныкталабы?
- Вирус организмде эч кандай белги бербестен (симптомсуз) бир нече жыл бою жүрүшү мүмкүн. Айрым учурларда жугузуп алгандардын үчтөн бир бөлүгүндө бир нече жумадан кийин дарыгерлер “курч ВИЧ-инфекциясы” деп атаган, курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекцияга (ОРЗ) же сасык тумоого окшогон абал байкалат. Бул учурда адамдын дене табы көтөрүлүп, алсырап, башы, тамагы ооруйт. Кээде ич өтүп же ысытма чыгышы мүмкүн. Мындай абал адатта бир нече жумага созулат да, андан соң өтүп кетет. Эң өкүнүчтүүсү – баштапкы мезгилдерде ВИЧке тапшырылган тест дагы туура эмес көрсөтүшү мүмкүн. Анткени, бул убакыт аралыгында организм антитело иштеп чыга элек болот. Ал эми антителолор 3–6 ай ичинде иштелип чыгат.
- Инфекция жуккандан баштап биринчи белгилери пайда болгонго чейин канча убакыт өтөт?
- Адам көп убакытка чейин өзүн кадимкидей жакшы сезип жүрө берет, ошол эле маалда вирусту башкаларга жугуза алат. Мына ушул жагынан адамдын иммундук жетишсиздик вирусу инфекциясы кооптуу.
Иммунитеттин жетишсиздик фонунда адамда кургак учук, пневмония, шишик сыяктуу жана башка оорулар курчушу мүмкүн.
- Кыргызстанда тестирлөө канчалык жеткиликтүү жана аны кайсы жерден тапшырса болот?
Вирустук гепатит жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусуна тестти үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө борборлорунда тапшырса болот.
- Тесттин жыйынтыгы оң жыйынтыкты көрсөтсө, адам эмне кылышы керек?
- Вирустук гепатит жана ВИЧти көзөмөлдөө борборуна кайрылыңыз. Дарыгерден акысыз кеңеш алып, дарылоону баштаңыз.
- ВИЧ менен көпкө жашоо мүмкүн эмес деген чынбы?
- Заманбап антиретровирустук дарылар төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- вирусту көзөмөлдөө,
- иммунитетти бекемдөө,
- толук кандуу жашоо образы (иштөө, окуу, үй-бүлө куруу),
- вирустун башкаларга жугушун алдын алуу.
Эгерде адам күн сайын терапияны алса, анын өмүрүнүн узактыгы дени сак адамдыкындай эле болушу мүмкүн.
- Бүгүнкү күндө ВИЧ инфекциясын кантип дарылайт жана терапия эмне берет? ВИЧти дарылоодо жаңы өздөштүрүүлөр барбы жана келечекте оорудан толук айыгууга мүмкүнбү?
- Антиретровирустук терапия (АРТ) ВИЧ инфекциясы менен жашаган адамдардын өмүрүн узартуунун, анын сапатын жакшыртуунун жана вирустун башка адамдарга жугушун азайтуунун бирден-бир мүмкүн болгон жолу болуп саналат. Азырынча ВИЧке каршы вакцина ойлоп табыла элек.
Антиретровирустук терапия (АРТ) - бул дарылоонун негизги ыкмасы катары:
- вирусту аныкталбаган деңгээлге чейин басат,
- иммундук системаны калыбына келтирет,
- СПИДдин өнүгүшүн алдын алат,
- ВИЧтин башкаларга жугушун алдын алат (Н=Н - бул аныкталбайт - жукпайт).
- ВИЧке канча убакытта бир тест тапшырып, текшерилип туруу сунушталат?
- Өзүң үчүн жылына бир жолу жетиштүү. Эгерде адамда тобокелдүү, кооптуу жүрүм - турум болсо, эң аз дегенде жылына 2 жолу же андан көбүрөөк текшерилип туруу зарыл.
- Процедура канчалык конфиденциалдуу? Бейтаптын өзүнөн башка кимдир бирөө текшерүүнүн жыйынтыктарын биле алабы?
- Бейтап жөнүндө маалымат конфиденциалдуу жана бейтаптын макулдугусуз үчүнчү жактарга берилбейт.
- ВИЧке чалдыккан кош бойлуу аял дени сак бала төрөй алабы?
- Ооба, дарылоо менен энеден балага жугуу коркунучу 2 пайызга чейин төмөндөйт. Бирок, бул үчүн кош бойлуу аял ВИЧке эртерээк текшерилип, дарыгерлерге кайрылуу менен ВИЧ инфекциясынын энеден балага жугушун алдын алуу үчүн антиретровирустук терапияны башташы керек.