Бишкекте бир катар соцобъекттерди куруу жана реконструкциялоо иштери аяктады

Коом Загрузка... 03 Сентябрь 2025 11:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. 2025-жылдын биринчи жарымында борбор калаада бир катар маанилүү социалдык объектилерди куруу жана реконструкциялоо иши аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков мэриянын коллегиясынын жыйынында билдирди.

Маалыматта айтылгандай, төмөнкү социалдык объектилерде куруу жана реконструкциялоо иштери аяктаган:

- “Алга” спорт комплекси толук реконструкцияланган.

- Советтик Союздун Баатыры Ч. Түлөбердиев атындагы паркта көргөзмө галереясынын курулушу бүткөрүлдү.

- “Көк-Жар” конушундагы Молдокулов көчөсүндө жайгашкан Үй-бүлөлүк медицина борбору жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүү станциясы курулду.

- “Чоң-Арык” конушундагы Семетей көчөсү, 6 дарегинде Үй-бүлөлүк медицина борбору пайдаланууга берилди.

Белгилей кетсек, жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча титулдук тизмеге ылайык, жалпы узундугу 41 км болгон 19 объектиде жолду куруу, реконструкциялоо жана реабилитациялоо иштери жүргүзүлүп жатканы жыйында кабарланды.

“Бул иштерге жалпысынан 4,5 млрд сом бөлүнгөн. 6 айдын ичинде 4 көчө ачылды. Бүгүнкү күндө жалпы узундугу 10,2 чакырымдан ашык 6 көчөдө унаа кыймылы ачылып, калган 13 көчөдө иш бекитилген график боюнча улантылууда. 2024-жылдан өтүүчү объект - Карадарья көчөсү боюнча иштер толук аяктады. “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы боюнча 2025-жылга бекитилген титулдук тизмеге ылайык, жалпы 43 объектте капиталдык оңдоо иштери каралган”,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 6 айдын жыйынтыгы боюнча 9 объектте курулуш иштери аяктап, жалпы узундугу 2 миң 295 погон метр жана аянты 4 миң 820 чарчы метрди түзгөн участоктор оңдолгондугу кошумчаланды.