VI Ислам шериктештик оюндарына катыша турган спортчуларга мамлекеттик туу тапшырылды

Спорт 31 Октябрь 2025 14:25
573325315_842729041433648_1439215312034161900_n.jpg
571339135_842728804767005_5657699603380793574_n.jpg
571587368_842728731433679_680176065154427035_n (1).jpg
571587368_842728731433679_680176065154427035_n.jpg
571800263_842728881433664_7938462739365541355_n.jpg
573927534_842728878100331_6590392985486687400_n.jpg
572762018_842729074766978_1487418535105545125_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Бүгүн, 31-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда VI Ислам шериктештик оюндарына катыша турган спортчулар менен жолугушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарада Кыргызстандын курама командасынын өкүлдөрү Илим Бакытбек уулу менен Айпери Медет кызына мамлекеттик туу тапшырылды.

Эдил Байсалов кыргыз спортчуларынын Ислам шериктештик оюндарындагы катышуусу өлкөнүн биримдигин чыңдоого жана спорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чоң салым кошорун белгиледи.

“Сиздердин жетишкендиктериңер – спорт элди бириктирип, күчтүү жана мыкты кыларынын далили. Сиздердин руханий күчүңөр жана жеңишке болгон эркиңер биздин элди гана эмес, бүт дүйнөнү шыктандырмакчы. Силерге ийгилик, ишеним жана жаңы жетишкендиктерди каалайм. Ар бир күнүңөр кыялыңарга жакындатсын”, - деди ал.

Өз кезегинде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев спортчулар өлкө намысын татыктуу коргоп, жогорку жыйынтыктарга жетээрине ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, VI Ислам шериктештик оюндарында өлкө намысын 19 спорт түрү боюнча 137 спортчу коргойт.