VI Ислам шериктештиги оюндарынын желегин көтөрүү салтанаты өттү

Спорт 07 Ноябрь 2025 15:00
576677749_848470727526146_4924293967748467410_n (1).jpg
577205549_848470837526135_771237633359159618_n.jpg
576343896_848470910859461_8515468064434977820_n.jpg
576994436_848470810859471_5345346787204618635_n.jpg
576966981_848470890859463_117546090501485813_n.jpg
575150368_848470757526143_9004526482426501326_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. 6-ноябрда Сауд Аравия Падышалыгынын борбору Эр-Рияд шаарында Ислам дүйнөсүндөгү эң ири спорттук иш-чаранын жакындаганын белгилеген, VI Ислам шериктештиги оюндарынын желегин көтөрүү салтанаты болуп өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, иш-чара спорттук шаарчанын аймагында оюндарды уюштуруу комитетинин, ошондой эле катышкан мамлекеттердин расмий делегацияларынын өкүлдөрүнүн, спортчулардын жана машыктыруучулардын катышуусундө өттү.

Сауд Аравия Падышалыгынын улуттук гимнинин жана оюндардын гимнинин коштоосунда желек салтанаттуу түрдө көтөрүлдү.

Спорттук мелдештер Эр-Риядда 2025-жылдын 7-21-ноябрь күндөрү “ONE NATION” урааны астында өтөт.