Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан медалдык эсепте I орунду ээледи

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 16:20
Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан медалдык эсепте I орунду ээледи

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын курама командалары жалпы медалдык эсепте 72 медаль менен 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Эрмеков билдирди.

Анын айтымында Кыргызстандын эсебинде 30 алтын, 29 күмүш жана 13 коло медаль бар.

“Экинчи орунду 64 медаль менен Казакстан ээлеп, 29 алтын, 16 күмүш жана 19 коло медаль топтоду. Үчүнчү орунда 34 медаль менен Россия болду. Анын эсебинде 7 алтын, 7 күмүш жана 20 коло медаль бар.
Жалпысынан мелдештер спорттун 22 этноспорт түрү боюнча өткөрүлүп, бардык мелдештер жыйынтыкталды”,-деди ал.