Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга 15 миңден ашык ички иштер кызматкери тартылды. Бул тууралуу оюндардын жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.
Анын айтымында, оюндар өтүп жаткан аймактарда 5 миңден ашык кызматкер кызмат өтөп, негизги объектилер күнү-түнү кайтарууга алынган. Ошондой эле расмий делегацияларды коштоп жүрүү, алардын жүрүү багыттарында жана атайын бөлүнгөн трассаларда жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар уюштурулган.
“Чет мамлекеттерден келген расмий делегациялардын, спортчулардын жана көп сандаган коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Оюндар өтүүчү объектилер күнү-түнү кайтарылып, ыкчам чара көрүү топтору иштеп жатат.
Коопсуздукту камсыздоодо заманбап санариптик технологиялар да колдонулду. “102” Кырдаалдык борбору түзүлүп, 40тан ашык камерадан реалдуу убакыт режиминде маалымат алынып, кырдаал көзөмөлдөнүп жатат. Бул кырдаал өзгөргөн учурда ыкчам чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө.
Жалпысынан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коомдук коопсуздук толугу менен камсыздалды. Бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде өтүп жатат”, — деди Султан Макилов.