Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда Кырчын капчыгайында 200дөн ашык адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, ылайга тыгылган 60тан ашык унааны чыгарууга көмөк көрсөтүлдү. Бул тууралуу оюндардын жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов билдирди.
Анын айтымында, оюндардын катышуучуларынын, конокторунун жана көрүүчүлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ӨКМдин күчтөрү жана каражаттары жогорку даярдык режимине өткөрүлүп, күчөтүлгөн күнү-түнү нөөмөт уюштурулган.
“Иш-чараларга 300дөн ашык куткаруучу, 70тен ашык атайын техника жана эки тик учак тартылды. Ошондой эле негизги объекттерде жана катышуучулар менен коноктордун жүрүү маршруттарында убактылуу куткаруу посттору уюштурулду.
Кырчын капчыгайында куткаруучулар медициналык кызматкерлер менен биргеликте жаракат алган жана медициналык жардамга кайрылган катышуучуларга, конокторго жана көрүүчүлөргө биринчи медициналык жардам көрсөтүштү.
Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Кырчын аймагында мобилдик госпиталь уюштурулуп, ага 200дөн ашык адам кайрылган. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бир бейтап ӨКМдин тик учагы менен Балыкчы шаарына жеткирилген.
Мындан тышкары, жаан-чачындан улам топурак жолдордун абалы начарлап, ылайга тыгылып калган 60тан ашык унааны эвакуациялоо жана чыгаруу иштерине куткаруучулар жардам берилди”,-деди орун басар.
Ал белгилегендей, ӨКМдин кызматкерлери ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан объекттерде өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп, гидрометеорологиялык кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүштү.
Ошондой эле сел, суу ташкыны жана башка кооптуу жаратылыш кубулуштары боюнча болжолдуу маалыматтар көзөмөлдөнүп, зарыл учурда тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга шашылыш эскертүүлөр жөнөтүлгөн.