Ысык-Көл, 06.09.26 /Кабар/. Көк бөрү жана көкпар оюндарын алып барууда ар бир өлкөдөн келген оюнчуларга жана көрүүчүлөргө сый-урмат көрсөтүп, алардын маанайын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР эл артисти, көк бөрү жана көкпар оюндарынын баяндамачысы Асылбек Өзүбеков билдирди.
Анын айтымында, Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештерде көрүүчүлөргө түшүнүктүү болушу үчүн кыргыз, орус, өзбек жана казак тилдеринде баяндоо жүргүзүлгөн.
“Ар бир өлкөдөн келген элдердин, оюнчулардын музыкасын коюп, алардын көңүлүн көтөрүп, дем берели деп аракет кылдык. Бул дагы аларга болгон биздин урматыбыз, сыйыбыз. Оюнчуларды да, көрүүчүлөрдү да ойлоп, баарын эске алганга аракет кылдык”, - деди ал.
Баяндамачы бүгүнкү Көк бөрү майданындагы көк бөрү жана көкпар мелдештери жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.
“Кептин баары кайсы команда кандай ойноп, кандай жеңишке жетеринде. Эрежени бузбай, таза ойноп, бири-бирин сыйлап, бүгүнкүдөй жакшынакай, таза оюн өткөрсө болот. Көрдүңөр көк бөрү да, көкпар да өзгөчө, мыкты деңгээлде өттү. Эл да ыраазы”, - деди Өзүбеков.
Ал баяндамачы катары 30 жылдан бери көк бөрү жана көкпар оюндарын алып барып келерин айтып, анын негизги милдети оюнчулар менен көрүүчүлөрдүн ортосунда байланыш түзүү экенин белгиледи.
“Кээде оюн аябай кызып, катачылыктар кетип калган учурлар болот. Айрыкча кыргыз менен казак атка мингенде камчыны тиштеп, такыр башкача болуп кетишет. Оюн кызып, элдин колдоосу күчтүү болгон учурлар болот. Ошондой учурларды акырын басаңдатып, элдин маанайын көтөрүп, оюнду алып баруу керек”, - деди ал.
Асылбек Өзүбековдун айтымында, оюн кызуу жүрүп жаткан учурда комментатор эл менен оюнчулардын ортосундагы данекер болуп, көрүүчүлөрдү бир демде кармап турууга тийиш.
“Эл толкуп, оюнду кызуу коштоп турган учурда оюнчулар менен элдин ортосунда данекер болуп туруу зарыл. Элди бир демде кармап туруу үчүн кызыктуу учурларды көркөмдөп, кээде тамашага салып сүйлөп турууга туура келет”, - деп кошумчалады ал.
Эске салсак, бүгүн, 6-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар оюндарынын финалдык беттеши өттү. Эки оюнда тең Кыргызстандын командасы жеңишке жетишип, алтын медалга ээ болду.