Кыргыз театрынын 100 жылдыгы: фестивалга чет өлкөдөн калыстар чакырылды

Коом
Кыргыз театрынын 100 жылдыгы: фестивалга чет өлкөдөн калыстар чакырылды
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган XIV республикалык театр фестивалына өлкөнүн 10 театры катышып, мыкты спектаклдерин тартуулайт. Бул тууралуу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 1926-жылы Ташкенттен келген режиссёрдук топ эл арасынан өнөрлүү адамдарды тандап, алгачкы театр студиясы уюштурулган. Мына ушул окуя кыргыз профессионал театрынын түптөлүшүнө негиз болуп, анын 100 жылдык тарыхынын башталышы катары эсептелет.

“Ушул 100 жылдын ичинде театрдан канчалаган залкарлар чыкты. Мааракени белгилөө үчүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте иш-чаралардын программасы түзүлүп, даярдыктар бир топ убакыттан бери жүрүп жатат. Алардын эң негизгилеринин бири республикалык театр фестивалы”, - деди ал.

Өзүбеков белгилегендей, Кыргызстанда 22ге жакын профессионал театр бар. Алардын арасынан министрликтин тандоо комиссиясы фестивалга катышуу үчүн 10 театрды тандап алган. Фестивалда ар кайсы облустардан келген театрлар мыкты спектаклдерин көрсөтүп, чыгармачылык күчүн сынашат.

Фестивалдын ачылышы 26-октябрда саат 15:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Ошол эле күнү алгачкы спектаклдер көрсөтүлө баштайт.

Директордун маалыматына караганда, сынактын калыстыгын камсыз кылуу максатында Өзбекстандан театр сынчысы Анвар Исмоилов, Азербайжандан театр жана кино багытындагы адис, искусство таануу илимдеринин доктору, доцент Эльчин Жафаров, Казакстандан искусство таануу илимдеринин кандидаты, профессор Эркебай Анар Сайдиржан кызы чакырылган. Аларга кыргызстандык театр сынчылары да кошулат.

“Калыстар тобу спектаклдерге калыс баа берип, мыкты театрларды аныктайт. Натыйжада баш байгеге татыктуу жеңүүчүлөр тандалат деп ишенебиз”, — деди Өзүбеков.

Мындан тышкары, мааракеге карата Бишкек шаарындагы сейил бактарда театрлаштырылган программалар уюштурулат. Анын алкагында театр жамааттары күн сайын ар кайсы парктарда 30 мүнөттөн бир саатка чейинки программаларын тартуулашат.

Алардын катарында спектаклдерден үзүндүлөр, монологдор, ыр окуулар жана башка чыгармачылык номерлер болот. Иш-чаралардын максаты театр искусствосун шаар тургундарына жана конокторуна жакындатуу, чыгармачыл жамааттардын эмгегин кеңири жайылтуу.