VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 миңден ашуун адамдын келиши күтүлүүдө

Көчмөндөр оюндары-2026 24 Август 2026 17:00
Artboard-1-1-768x420.jpg
Artboard-1-3-768x420.jpg
Artboard-1-5-768x420.jpg
Artboard-1-6-768x420.jpg
opening_4-1-1024x557.jpg
528095014_4235472460071152_6994322296427611240.width-800.jpg
1032155038_0_164_5062_3026_1920x0_80_0_0_0bc43.width-800.jpg
Lesnoy_5.jpg
Алдыга
Артка
Artboard-1-1-768x420.jpg
Artboard-1-3-768x420.jpg
Artboard-1-5-768x420.jpg
Artboard-1-6-768x420.jpg
opening_4-1-1024x557.jpg
528095014_4235472460071152_6994322296427611240.width-800.jpg
1032155038_0_164_5062_3026_1920x0_80_0_0_0bc43.width-800.jpg
Lesnoy_5.jpg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Жакынкы күндөрү Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 110дон ашык мамлекетинен өкүлдөр жана жалпы саны 100 миңден ашкан коноктор келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, 31-августтан 6-сентябрга чейин өтүүчү көчмөндөр оюндары ата мекендик туризмдин тарыхындагы эң ири эл аралык иш-чаралардын бири болуп калмакчы.

Расмий маалыматка ылайык, быйылкы оюндарга дүйнөнүн 110дон ашык мамлекетинен өкүлдөрдүн катышуусу тастыкталды. Алардын арасында расмий делегациялар, спортчулар, маданият жана илим тармагынын ишмерлери, эл аралык журналисттер жана чет элдик туристтер бар.

Алдын ала эксперттик эсептөөлөргө жана мурунку Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көрсөткүчтөрүнө ылайык, масштабдуу иш-чарага келе турган коноктордун жалпы саны 100 миңден ашат. Тактап айтканда, 110дон ашык өлкөдөн 3 миңге жакын спортчу катышат. Жалпы спортчулар, калыстар, маданият жана илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана жогорку деңгээлдеги расмий меймандарды кошкондо, расмий делегациялардын саны 4,5–5 миң адамга жетет.

110дон ашык өлкөдөн катыша турган спортчуларды, калыстарды, маданият жана илим чөйрөсүнүн өкүлдөрүн, ошондой эле жогорку деңгээлдеги расмий меймандарды кошкондо, расмий делегациялардын жалпы саны 4,5 миңден 5 миңге чейин жетери күтүлүүдө.

Бул көрсөткүчтөр Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын географиясы жыл сайын кеңейип жатканын көрсөтөт. 2014-жылы Кыргызстанда өткөн биринчи оюндарга 19 өлкөдөн 600гө жакын спортчу катышса, быйыл катышуучу мамлекеттердин саны 6 эсеге жакын өстү.

Мындан тышкары, оюндарды дүйнөлүк деңгээлде чагылдыра турган чет элдик жана жергиликтүү журналисттер, блогерлер жана операторлорду кошкондо медиа өкүлдөрүнүн саны миңге жакын болоору күтүлүүдө.

Ал эми чет элдик жана ички туристтердин, ошондой эле оюндардын ачылыш аземине, спорттук жана маданий программаларына күбө болууну каалаган көрүүчүлөрдүн саны 85 миңден 100 миңге чейин жетери болжолдонууда.

“Оюндардын ачылыш аземине, спорттук жана маданий программаларына күбө болуу үчүн коңшу өлкөлөрдөн, анын ичинде Кытай, Казакстан, Өзбекстандан жана алыскы чет мамлекеттерден коноктордун келиши күтүлүүдө. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан ички туристтер агылып келет”, — деп белгилейт агенттик.

Белгилей кетсек, 31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өлкөдө 100 миңден ашуун адамдын катышуусу жана бул күндөрү активдүү кыймылы күтүлүүдө. Агенттиктин маалыматына караганда, бул көрсөткүч өлкөбүздүн туристтик инфратүзүмүнө, мейманкана жана тейлөө тармагына абдан чоң жана позитивдүү экономикалык импульс берет.

Дүйнөнүн төрт тарабынан туристтер келет

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги белгилегендей, бул жолку оюндарга дүйнөнүн 110дон ашык мамлекетинин өкүлдөрү катышат. Алардын катарында спортчулар менен расмий делегациялардан тышкары туристтер, күйөрмандар жана көчмөндөр маданиятына кызыккан чет элдик меймандар да болот.

Маалымдалгандай, коноктордун негизги агымын бир нече багытка бөлүүгө болот.

Биринчиден – көчмөндөр цивилизациясына, анын өзгөчө маданиятына жана жашоо философиясына Батыш өлкөлөрүндө кызыгуу өсүүдө. Ушуга байланыштуу Европа өлкөлөрүнөн жана Америка континентинен туристтердин келиши күтүлүүдө. Айрыкча экологиялык жана этнотуризмди баалаган саякатчылар үчүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргыз элинин маданияты жана көчмөндөрдүн салттуу жашоо образы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берген уникалдуу тажрыйба болуп саналат.

Экинчиден, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн кызыгуусу да өсүүдө. Анын ичинде Япония, Түштүк Корея жана Кытайдан туристтердин, тарых изилдөөчүлөрүнүн жана журналисттердин келиши күтүлүүдө. Агенттик бул өлкөлөрдүн өкүлдөрү кыргыз элинин маданий мурастарына, ошондой эле Улуу Жибек жолу менен байланышкан тарыхый жана маданий байланыштарга өзгөчө кызыгуу көрсөтүп жатканын белгилейт.

“Бул аталган мамлекеттердин өкүлдөрү биздин маданий окшоштуктарыбызды жана Улуу Жибек жолу мурастарын терең баалашат. Албетте, биздин салтуу өнөктөштөрүбүз — Борбордук Азиядагы Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан сыяктуу бир тууган коңшу мамлекеттерден жана ошондой эле Түркия, Азербайжан жана КМШ өлкөлөрүнөн эң көп сандагы күйөрмандар жана спорт сүйүүчүлөрү келишет. Кыскача айтканда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү бириктирген, дүйнөнүн ар кайсы элдеринин маданиятын жакындаткан глобалдык платформа”, — деп айтылат билдирүүдө.

Көчмөндөр оюндары экономика жана туризм үчүн чоң мүмкүнчүлүк

Экономист Насирдин Шамшиев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде туризм тармагындагы ири долбоорлор өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө түз жана кыйыр таасир берерин билдирди. Биринчиден Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу иш-чараларда туристтердин көп келиши мейманкана, транспорт жана тейлөө тармагына оң таасирин тийгизет.

“Алгач туризм менен мейманкана секторунун кирешеси өсөт. Себеби, туристтер мейманканаларга, конок үйлөрүнө, боз үй шаарчаларына жайгашып, коомдук тамактануу жайларынын кызматтарын колдонушат. Жалаң эле көчмөндөр оюну өтүүчү аймакта эмес, Бишкекте да тиешелүү кызматтарга суроо-талап кескин жогорулайт. Экинчиден – транспорт жана тейлөө кызматтары болгон аэропорттук кызматка, такси, автобус, унаа ижарага берүү кызматтарын талап өсүшү мүмкүн. Көчмөндөр оюндарына келе турган чет элдик коноктордун көпчүлүгүнө котормочулар жана гид керек болушу мүмкүн. Ошондуктан транспорт жана сервистик компаниялардын кирешеси көбөйүп, убактылуу кошумча жумуш орундары түзүлөт. Мисалы, гид менен котормочунун эсебинен кошумча жумуш орундары пайда болот. Туристтер күнүмдүк колдоно турган ресторан, кафе жана азык-түлүккө суроо-талап жаралат”,– деди Шамшиев.

Адистин пикиринде туристтердин чыгымы жергиликтүү ишкерлерге жана өндүрүүчүлөргө кошумча киреше алып келет.

“Туристтердин келиши чакан жана орто бизнеске, кол өнөрчүлөргө, жергиликтүү өндүрүүчүлөргө жана айыл чарба тармагына да кошумча мүмкүнчүлүк түзөт. Бизге келген туристтер жөн эле келип-кетпестен, сувенирлерди, кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын сатып алып кетишет. Мындан тышкары, азык-түлүккө, анын ичинде жергиликтүү жемиштерге — кулпунай, алма, өрүккө суроо-талап көбөйүшү мүмкүн. Ишкерлердин кирешеси өссө, бюджетке түшүүчү салык да көбөйөт. Кээ бир ишкерлер 5-10 күн болсо дагы кошумча өндүрүштөрдү ачышы мүмкүн. Ушул түшө турган пайдалар түз таасирин берет. Ал эми туристтик бренд эл аралык деңгээлде бекемделип, ар бир турист келип кеткенден кийин өлкөбүздү, Ысык-Көлүбүздү таанып билет. Ошонун эсебинен жаңы туристтик маршруттар пайда болушу мүмкүн. Мисалы, туристтик компаниянын өкүлдөрү келишсе, алар жаңы туристтик маршруттарды, багыттарды сунуш кылуулары ыктымал”, — деди Шамшиев.

Анын белгилешинче, бул туризмдин экономикага кыйыр таасирин күчөтүп, келечекте туристтердин кайра келүүсүнө, жаңы туристтик багыттардын өнүгүшүнө жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө болгон кызыгуунун өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ири масштабда уюштурулуп, негизги мелдештер жана маданий иш-чаралар бир нече аянтчада өтөт. Ачылыш аземи 31-августта 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган жаңы “Бишкек Арена” стадионунда өтөт.

Ал эми Чолпон-Атадагы ат майданда ат оюндарынын бир нече түрү уюштурулуп, көк бөрү үчүн 10 миң орундуу стадион курулууда. Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасы маданий жана спорттук иш-чаралардын негизги аянтчаларынын бири болот.

“Көчмөндөр цивилизациясы” борборунда 78 иш-чара өткөрүү пландалган. Жалпысынан оюндардын негизги спорттук жана маданий иш-чаралары Ысык-Көл облусунда 1–6-сентябрь аралыгында өтөт.

Жабылыш аземи 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтмөкчү.