Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 2 миңге жакын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлү аккредитациядан өттү. Бул тууралуу оюндардын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов билдирди.
Анын айтымында, оюндарды чагылдыруу үчүн чет өлкөлөрдөн 250гө жакын журналист келди.
"Эл аралык медиалардын арасында BBC, Euronews, Agence France-Presse, TRT AVAZ, I.R.I.B NEWS, The New York Times, CNN International, National Geographic, Associated Press жана The Economist сыяктуу белгилүү маалымат каражаттары болду.
Чет өлкөлүк журналисттер оюндардын спорттук бөлүгү менен катар Кыргызстандын тарыхына, маданиятына, улуттук спорт түрлөрүнө, салт-санаасына жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө да кызыгуу көрсөтүштү. Алардын материалдары Кыргызстанды эл аралык маалымат мейкиндигинде кеңири таанытууга өбөлгө түздү”, — деди Аскаралы Мадаминов.