Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын ЖМКлары жана интернет-басылмалары 2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоодогу шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 2026-жылдын 14-октябрына чейин аккредитациядан өтүшү керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Аккредитациядан өтүү үчүн арыздар БШКнын расмий сайтындагы "ЖМКны аккредитациялоо" бөлүмү аркылуу автоматташтырылган маалыматтык тутумга берилет.
Арыз менен бирге ЖМКнын каттоо тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү, ал эми интернет-басылмалар юридикалык жакты же жеке ишкерди мамлекеттик каттоо тууралуу документтерди, тиешелүү уруксат документтерин, уставдын көчүрмөсүн жана эфир убактысы, басма аянты же интернетке жарыялоо үчүн төлөмдөр тууралуу маалыматтарды тапшырышы керек.
БШКнын маалыматына караганда, эфир убактысы же басма аянты үчүн төлөм бардык талапкерлер жана саясий партиялар үчүн бирдей болушу зарыл.
Кошумча маалыматты 66 54 52 телефону аркылуу алууга болот.