VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Ачылыш аземи жогорку деңгээлде өттү — Кабар

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Ачылыш аземи жогорку деңгээлде өттү

Президент 1 сентябрь 2026 00:31
IMG_6873.jpeg
IMG_6845.jpeg
IMG_6846.jpeg
IMG_6847.jpeg
IMG_6848.jpeg
IMG_6849.jpeg
IMG_6850.jpeg
IMG_6853.jpeg
IMG_6852.jpeg
IMG_6851.jpeg
IMG_6854.jpeg
IMG_6855.jpeg
IMG_6856.jpeg
IMG_6857.jpeg
IMG_6858.jpeg
IMG_6859.jpeg
IMG_6860.jpeg
IMG_6861.jpeg
IMG_6862.jpeg
IMG_6863.jpeg
IMG_6864.jpeg
IMG_6865.jpeg
IMG_6866.jpeg
IMG_6867.jpeg
IMG_6868.jpeg
IMG_6869.jpeg
IMG_6870.jpeg
IMG_6871.jpeg
IMG_6872.jpeg
IMG_6874.jpeg
IMG_6875.jpeg
IMG_6876.jpeg
IMG_6877.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_6873.jpeg
IMG_6845.jpeg
IMG_6846.jpeg
IMG_6847.jpeg
IMG_6848.jpeg
IMG_6849.jpeg
IMG_6850.jpeg
IMG_6853.jpeg
IMG_6852.jpeg
IMG_6851.jpeg
IMG_6854.jpeg
IMG_6855.jpeg
IMG_6856.jpeg
IMG_6857.jpeg
IMG_6858.jpeg
IMG_6859.jpeg
IMG_6860.jpeg
IMG_6861.jpeg
IMG_6862.jpeg
IMG_6863.jpeg
IMG_6864.jpeg
IMG_6865.jpeg
IMG_6866.jpeg
IMG_6867.jpeg
IMG_6868.jpeg
IMG_6869.jpeg
IMG_6870.jpeg
IMG_6871.jpeg
IMG_6872.jpeg
IMG_6874.jpeg
IMG_6875.jpeg
IMG_6876.jpeg
IMG_6877.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта “Бишкек Арена”стадионунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Ачылыш аземи дүйнөнүн 106 өлкөсүнүн өкүлдөрүн бириктирген масштабдуу эл аралык иш-чара болду. Ага 2355 спортчу, машыктыруучу жана делегациялардын өкүлдөрү катышты.

Расмий бөлүк башталганга чейин иш-чаранын коноктору жана катышуучулары үчүн белгилүү ата мекендик эстрада ырчылары өнөрлөрүн тартуулашты.

Андан соң мамлекет башчысы сөз сүйлөп, анда ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын куттуктап, дүйнө элдеринин маданий мурастарын жана салттарын сактоого жана жайылтууга өбөлгө түзгөн бул масштабдуу эл аралык спорттук форумдун маанисин белгиледи.

Азем катышуучу өлкөлөрдүн парады менен уланды. 106 мамлекеттин өкүлдөрү стадион майданынан өтүп, достук, тынчтык жана өз ара сый-урмат идеялары менен бириккен элдердин жана маданияттардын көп түрдүүлүгүн чагылдырышты.

Программада кыргыз элинин көп кылымдык тарыхына жана бай маданий мурасына арналган масштабдуу театралдаштырылган оюн өзгөчө орунду ээледи.

Көрүүчүлөргө көркөм бий композициялары, ат жалындагы өнөрлөр, салттуу жана улуттук ат оюндары тартууланды. Түркүн түстүү шоуга көптөгөн артисттер, чабандестер жана чыгармачыл жамааттар катышты.

Заманбап технологиялар сахналаштырылган оюндардын салттуу бөлүгүн айкалыша толуктады. Аземдин жүрүшүндө масштабдуу визуалдык эффекттерди чыгарган, көрсөтүүнүн таасирдүүлүгүн арттырган лазердик жана жалындуу шоу элементтери колдонулду.

Ачылыш азем майрамдык фейерверк жана белгилүү дүйнөлүк эстрада жылдыздарынын өнөр көрсөтүүсү менен жыйынтыкталды.