Веткызмат беш айда мыйзамсыз ташылган 259 тонна продукцияны аныктады

Экономика Загрузка... 24 Июнь 2025 10:53
NazarNews_863153869.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.06.25. /Кабар/. 2025-жылдын беш айында Ветеринардык чек ара көзөмөлдөө пункттарында мал чарба продукцияларын мыйзамсыз ташууга байланыштуу жалпы 29 мыйзам бузуу фактысы катталган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, мыйзам бузуу учурлары боюнча тиешелүү ветеринардык-санитардык талапка жооп бербеген 259 тонна товар артка кайтарылды. 

Бул фактылар жарандардын саламаттыгын коргоо жана өлкө аймагына жугуштуу оорулардын кирүүсүнө жол бербөө максатында аткарылып жаткан ветеринардык көзөмөл иш-чараларынын алкагында аныкталды.

Ветеринардык кызмат жаныбарлардан алынган продукциялардын коопсуздугун жана сапатын көзөмөлдөө боюнча иштерди мындан ары да улантат. Жарандардан жана ишкерлерден мыйзам талаптарын сактоо, жүктөрдү ташууда тийиштүү ветеринардык документтерди камсыз кылуу талап кылынат.

Белгилей кетсек, республиканын аймагында жалпысынан 30 ветеринардык көзөмөлдөө  пунктары иштейт. Анын ичинен: 

  • 19 пункт - мамлекеттик чек арада; 
  • 4 пункт - убактылуу сактоочу жайларында;
  • 5 пункт - темир жол станцияларында; 
  • 2 пункт - эл аралык аэропорттордо.