Ветеринарлар санарип форматта отчёт түзүү боюнча окутуудан өтүштү

Коом 7 август 2025 11:15
a1bffcd1-0c6b-4a75-bf25-845ac589b7dc (1).jpeg
b6d917a8-22e9-4636-9310-f05b59364c10.jpeg
ff53580e-282d-4b6e-af3c-b383d4742bd8.jpeg
e9675b14-8382-4e76-acae-50fddf65ede6.jpeg
e862c475-1dea-4fba-976e-dba5fa8be82e.jpeg
e4c55d07-5176-4713-b9f1-9216a81ce92c.jpeg
d0942309-9a73-4e1d-b9dd-0060c7d6333e.jpeg
cecd15b9-ea0f-4d26-afa3-cc38a0da3356.jpeg
c8052ed5-4942-414c-b237-7e2dae15a790.jpeg
30509cbe-8547-40c0-97e3-6842ca2d4c95.jpeg
7755a9f7-2769-49c0-8fa7-14039a772100.jpeg
96de5b1e-101d-4db8-9613-ddd47af1ca10.jpeg
47b96acb-1f3b-4e0e-a4d7-d3cbb5f4eddc.jpeg
3c7f4a43-b510-4469-b882-ef9301678444.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 07.08.25. /Кабар/. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ветеринардык адистер Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы (ЖИКС) аркылуу санарип форматта ветеринардык отчёт түзүү жана иш алып баруу боюнча окуудан өтүштү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анда катышуучулар ЖИКСке интеграцияланган электрондук формалар менен иштөөнү, малды эмдөө жана диагностикалоо боюнча маалыматтарды туура толтуруу, санариптик отчётторду түзүүдөгү кыйынчылыктарды жана алардын чечүү жолдору, маалыматтардын тактыгын жана жоопкерчилик маселелерин үйрөнүштү.

Окутуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен уюштурулду.

Семинардын максаты ветеринардык адистердин санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү жана ЖИКС системасын натыйжалуу колдонууга көмөктөшүү болуп саналат.

Белгиленгендей, мындай окутуулар ветеринардык кызматты санариптештирүүдө жана анын натыйжалуулугун жогорулатууда чоң мааниге ээ.