Мектеп бүтүрүүчүсү Таңгүл Басылова тынымсыз эмгеги жана коомдук активдүүлүгү аркылуу чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Кыргызстандын мыкты 100 окуучусунун катарына кирген Таңгүл Венгриядагы Corvinus University of Budapest университетинде билим алып баштайт. Ал алдыда “Кабар” агенттигине окуучулук күндөрү, жетишкен ийгиликтери, чет өлкөгө өтүү процесстери жана келечектеги пландары жөнүндө кенен айтып берет.
Билим алуу ийне менен кудук казгандай
Менин атым Таңгүл Басылова, Талас облусунан болом. «Билимкана-Талас» мектебинин бүтүрүүчүсүмүн. Орус тилин жакшы билбегеним үчүн башында бир топ кыйналып жүрдүм. Мисалы, орус адабияты сабагынан басымды туура коё албай өзүмдү ыңгайсыз сезген учурларым болду. Бирок мен талыкпастан аракеттенип, бар күчүмдү окууга жумшадым. Мектептен келгенде дароо үй тапшырмасын жасап, кээде түнкү бирге чейин баш көтөрбөй окуган күндөрүм болду. Мындан улам үй тапшырмаларын алдын ала аткаруу адатым болуп калган. 2024-жылы кылган бул эмгегим бааланып, Кыргызстандын мыкты 100 окуучусунун катарына кирдим.

Мектеп тышындагы активдүүлүк
Ошондой эле мектептен сырткаркы иштерде да активдүүлүгүмдү көрсөттүм. Төрт жылдан бери Талас регионунда жаштардын демилгелерин жана бейформал билим берүүнү өнүктүрүү багытында иштеп келем. RiseUp (@riseup.kg) демилгесин негиздеп, өспүрүмдөргө критикалык ой жүгүртүү, коммуникация жана өзүнө болгон ишеним сыяктуу көндүмдөрдү калыптандырууга көмөктөшөм. Бул максатта дебаттар, лагерлер жана конкурстарды уюштуруп турабыз. Ушул убакытка чейин 30дан ашык иш-чара өткөрүп, аларга 260тан ашык жаштар катышты. Стратегиялык башкаруу, коом алдында сүйлөө жана алдыңкы уюмдар менен кызматташуу багытында тажрыйбам бар. Максатым — Таластагы жаштардын үнүн угузуу жана алардын өсүшүнө мүмкүнчүлүк түзүү.

Активизм жолу менен келген чечим
Чет өлкөгө окууга тапшыруу чечими - менин активизм жолу менен келген тажрыйбаларымдын жыйынтыгы болду. Technovation Girls Challenge эл аралык программасынын студент-амбассадору болдум, ошондой эле БУУнун Кыргызстандагы Жаштар Кеңешинин өкүлү катары жаштардын үнүн жеткирүүгө салым коштум. 2023-жылы SDI уюмунун SDG Youth Leadership Program алкагында 15 000 сом грант утуп, өз долбоорумду ишке ашырдым. Мындан сырткары, IDEA Central Asia программасы аркылуу Казакстан жана Өзбекстанга стади-турга (билим алуу максатында уюштурулган сапар) тандалып алындым. Бул мүмкүнчүлүктөр мага баалуу тажрыйба берди жана жаштар менен эл аралык деңгээлде иштөө максатымды бекемдеди. Чет өлкөдө билим алуу - бул дүйнөлүк маданияттарды таанып-билүү жана келечекке кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачуу жолу деп эсептейм.

Окуучунун тандоосу – Венгриядагы Corvinus University of Budapest университети
Мен New Generation Academy (NGA) жана Stipendium Hungaricum аталышындагы эки эл аралык билим берүү программасынын финалисти болдум. NGA - бул Борбор Азиядагы Америка университетинин даярдоо программасы. Анда Кыргызстан боюнча 25 финалист тандалып алындык.
Ал эми Stipendium Hungaricum - Венгрия өкмөтүнүн толук гранттык программасы болуп саналат. Бул программа бакалавр даражасында акысыз билим алууга, жатаканага жайгашууга жана айлык стипендия алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Мен аталган программа аркылуу Венгриянын баш калаасында жайгашкан эң мыкты университеттердин бири — Corvinus University of Budapest университетин тандап алдым.

Ар бир кошумча тил — жаңы дүйнө, жаңы мүмкүнчүлүк
Жогорку окуу жайында окуу толугу менен англис тилинде өтөт экен. Мен кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйм. Келечекте эл аралык уюмдарда чоң мааниге ээ - француз жана араб тилдерин үйрөнүүнү пландап жатам.
Таңгүлдүн чет жакта окууну кыялданган жаштарга берген кеңеши
Чет жакта окууну кыялданган жаштарга бере турган эң башкы кеңешим — ар дайым өзүңөргө ишенгиле! Силерге ишенбей, аракетиңерден күмөн санаган адамдардын сөзүн жүрөгүңөргө жакын кабыл албагыла. Коркуу сезими — бул табигый нерсе. Көп учурда чыныгы өзгөрүүлөр жана өсүүлөр дал ошол коркунуч туудурган жерлерде болот. Ошондуктан өзүңөргө ишенип, аракет кылуудан эч качан жазбагыла демекчимин.