Венчурдук каржылоо: Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн жаңы булагы

Экономика Загрузка... 20 Сентябрь 2025 09:36
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 20.09.25. /Кабар/. Бишкекте венчурдук каржылоо жана альтернативдүү инвестициялар маселелерине арналган тегерек стол өттү.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Эл аралык финансылык корпорация (IFC) биргеликте уюштурду.

Тегерек столдо экономика министринин орун басары Гүлшат Асылбаева венчурдук каржылоо жана альтернативдүү инвестициялар – бул ишкерлерди колдоонун жана стартап-экосистеманы өнүктүрүүнүн негизги куралы болуп саналарын белгиледи.

Ошондой эле ал бул инструмент инновацияларды киргизүүгө жана өлкө экономикасына жаңы капитал булактарын тартууга жардам берерин айтты.

Мындан тышкары, мининистрлер кабинети венчурдук фонддордун, инвесторлордун жана ишкерлердин ачык-айкын жана ыңгайлуу иштөөсүнө өбөлгө түзгөн заманбап укуктук-нормативдик базаны түзүү боюнча иш алып барып жатканын белгиледи.

Тегерек столдун программасынын алкагында IFC`нин адистери:

  • Кыргызстандагы стартаптар жана ишкердик экосистемасы боюнча кыскача серепти;
  • альтернативдүү инвестициялар жаатындагы учурдагы укуктук-нормативдик базанын талдоосун;
  • өлкөдө венчурдук каржылоону өнүктүрүүгө багытталган альтернативдүү инвестициялар боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын сунушташты.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык адистер, жеке сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар Кыргызстанда венчурдук рынокту өнүктүрүүдөгү негизги чакырыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле стартаптар менен инвесторлор үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү перспективаларын талкуулашты.