Венадагы тегерек стол: Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча демилгелер талкууланды

Коом Жүктөлүүдө... 09 Июль 2026 16:35
742903730_975595905435887_1176015150802538566_n.jpg
742001350_1631820102283680_2583556530922567192_n.jpg
742301219_1052733620647676_1300063234909559007_n.jpg
742391362_4878339945710664_4478647450890091736_n.jpg
742309155_1503161098230261_4464393903150689688_n.jpg
742295146_1021546937438374_4264505769110204521_n.jpg
743841079_1746338746265006_3193864002315872242_n.jpg
741120814_27871740469118143_8866700138933402873_n.jpg
743824581_903783512066746_3367166460993840279_n.jpg
743425414_1102393009025772_805906447853281433_n.jpg
Алдыга
Артка
742903730_975595905435887_1176015150802538566_n.jpg
742001350_1631820102283680_2583556530922567192_n.jpg
742301219_1052733620647676_1300063234909559007_n.jpg
742391362_4878339945710664_4478647450890091736_n.jpg
742309155_1503161098230261_4464393903150689688_n.jpg
742295146_1021546937438374_4264505769110204521_n.jpg
743841079_1746338746265006_3193864002315872242_n.jpg
741120814_27871740469118143_8866700138933402873_n.jpg
743824581_903783512066746_3367166460993840279_n.jpg
743425414_1102393009025772_805906447853281433_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин демилгеси жана Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) биргелешкен уюштуруусу менен Вена эл аралык борборунда "Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн эл аралык тоо күн тартибин илгерилетүү: өнөктөштүк, эл аралык демилгелер жана Бириккен Улуттар Уюмунун ролу" аттуу тегерек стол өттү.

Иш-чарага президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова катышты.

Иш-чарада Кыргызстандын Австриядагы, ЕККУдагы, БУУдагы жана Венадагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Нуржан Шайлдабекова жана Австриядагы ЮНЕПтин тоолуу аймактар боюнча тобунун жетекчиси Маттиас Юрек куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Негизги баяндамаларды Динара Кемелова, ошондой эле Австриянын, ЮНИДОнун, МАГАТЭнин, ЕККУнун, Казакстандын жана Андорранын өкүлдөрү жасашты. Тегерек столдун ишине 27 мамлекеттин элчилери жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда эл аралык тоо күн тартибин алдыга жылдыруу, көп тараптуу кызматташууну чыңдоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Бул тегерек стол 2027-жылдын октябрь айында Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитинин алдында эл аралык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган кезектеги практикалык кадам болуп, Кыргыз Республикасынын демилгелерин эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.

Иш сапардын алкагында Динара Кемелова ошондой эле Австриянын Улуттук кеңешинин төрагасы (парламенттин спикери) Вальтер Розенкранц, ЕККУнун башкы катчысы Феридун Синирлиоглу, Австриянын Федералдык президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Люсия Кронштайнер, ошондой эле Австриянын Тышкы иштер министрлигинин, Айыл чарба, токой чарбасы, климат жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча федералдык министрлигинин өкүлдөрү жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы эл аралык демилгелерин илгерилетүүгө жана бул багыттагы эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз тарап тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча негизги демилгелерин тааныштырып, Австрия тарапты жана эл аралык өнөктөштөрдү Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитин даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышууга чакырды.

Австрия тарап жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстан менен тоо экосистемаларын коргоо, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана тажрыйба алмашуу багытындагы кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Ошондой эле жолугушууларда Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерин эл аралык деңгээлде илгерилетүүдөгү ролу барган сайын күчөп баратканы белгиленди.