Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. 8-апрелде Вена шаарында Кыргызстандын Австриядагы элчилиги Нооруз майрамын белгилөө боюнча расмий иш-чарага катышты.
ТИМден билдиришкендей, майрамдык иш-чара «Society» деген аталыштагы алдыңкы дипломатиялык журналдын редакциясы жана Афганистан, Азербайжан, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Австриядагы элчиликтери менен биргеликте уюштурулду.
Нооруз майрамын белгилөөгө эл аралык уюмдардын, Вена шаарынын дипломатиялык корпусунун, расмий мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Австриянын белгилүү саясий жана коомдук ишмерлери катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын расмий ачылышында жогоруда аталган өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты. Нооруз майрамын белгилеген өлкөлөрдүн улуттук бийлери жана ырлары менен коштолгон концерттик программа тартууланды. Борбор Азия өлкөлөрүнүн атынан Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын өкүлдөрү өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Нооруз майрамынын алкагында элчилик конокторго элдик кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсүн, анын ичинде кийизден жасалган улуттук жасалгалардын бир топ түрүн, Кыргызстан тууралуу иллюстрацияланган басылмаларды, туризм боюнча брошюраларды жана каталогдорду тартуулады.
Майрамдык иш-чаранын расмий бөлүгүнүн соңунда анын катышуучулары жана сыйлуу коноктору ар бир өлкөнүн майрамдык дасторконуна чакырылып, алар кыргыз улуттук ашканасынын уникалдуу даамдарынан: боорсок, чак-чак, чучук, курут жана коноктордун өзгөчө сүймөнчүлүгүнө ээ болгон кургатылган жемиштерден даам татууга мүмкүнчүлүк алышты.