"Вефа"соода борборундагы жаңжал. Аялына болушкан адамды сабагандар кармалды

Укук тартиби Загрузка... 09 Сентябрь 2025 13:43
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Биринчи Май РИИБи

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Ушул жылдын, 7-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жайгашкан соода борборлорунун биринде бейбаштык фактысы катталды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, М.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 16:00 чамасында белгисиз адамдар тарабынан негизсиз түрдө сабалганын билдирген. Анын айтымында, шектүүлөр коомдук тартипти жана жалпы жүрүм-турум эрежелерин атайылап жана одоно бузушкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында милиция кызматкерлери төмөнкү шектүүлөрдү аныктап, кармашкан:

  • 2004-жылы туулган М.Р.
  • 2004-жылы туулган И.К.
  • 1992-жылы туулган Б.Б.
  • 2001-жылы туулган А.А.

Шектүүлөр учурда Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери улантылууда.