Валентина Шевченко UFCде чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду

Спорт Загрузка... 16 Ноябрь 2025 15:06
IMG-20251116-WA0012.jpg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.11.25 /Кабар/. Валентина Шевченко дагы бир жолу чемпиондук курун коргоп калды. Ал UFC 322 турниринин алкагында кытайлык атаандашы Чжан Вэйлини жеңди.

Беттеш 5 раундга созулуп, беш раундда тең ал атаандашына үстөмдүк кылып, натыйжада калыстар жеңишти бир добуштан кыргызстандык мушкерге беришкен.

37 жаштагы Валентина Шевченко ММАдагы жалпы карьерасында 26 жеңишке жетишкен, анын сегизи — нокаут менен. Төрт ирет гана жеңилген.

Ал чемпиондук наамды 2018-жылдын декабрында жеңип алып, аны 7 жолу ийгиликтүү коргогон. 2023-жылдын март айында мексикалык Алекса Грассо менен болгон беттеште титулун убактылуу жоготкон. Андан кийин алар эки ирет кайрадан таймашып, акыркысы Шевченконун жеңиши менен аяктаган.

35 жаштагы Чжан Вэйлинин да 26 жеңиши бар, анын 11и нокаут менен. Бул анын карьерасында төртүнчү жеңилүүсү болду.