Кыргызстанда Крикет боюнча улуттук федерация түзүү сунушталды

Спорт
866898900_1137069701999579_1806149057156699760_n.jpg
865754557_1137069871999562_2915649908703300080_n.jpg
Алдыга
Артка
866898900_1137069701999579_1806149057156699760_n.jpg
865754557_1137069871999562_2915649908703300080_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Бүгүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев Индиянын Бенгалия штатынын Крикет федерациясынын делегациясын кабыл алды.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Индия делегациясынын өкүлү Нитин Миина Кыргызстанда Крикет боюнча улуттук федерация түзүү ниети тууралуу маалымат берди.

Федерациянын өкүлдөрү Навинэш Жавара жана Ранджан Саху долбоордун келечеги тууралуу айтып, крикет эл аралык крикет кеңешинин колдоосу менен өнүгүп жаткан спорт түрү экенин белгилеп, аталаган федерациянын ишмердүүлүгү, чемпионаттардын жана башка спорттук иш-чаралардын өткөрүлүү планы тууралуу бөлүштү.

Ошондой эле агенттиктин директору Урмат Асанбаев Кыргызстанда крикетти өнүктүрүүгө жана тараптар менен кызматташууга кызыктар экенин айтып, Индиянын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Крикет федерациясынын өкүлдөрү спорттун бул түрүн Кыргызстандын спорт түрлөрүнүн бирдиктүү реестрине киргизүү боюнча Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине тиешелүү өтүнмө даярдап, тапшырууга макулдашты.

Маалымат үчүн: Крикет топ жана атайын таяк менен ойнолуучу командалык спорт. Оюндун мекени — Англия. Азыр крикет дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, өзгөчө Түштүк Азияда, Австралияда жана Англияда кеңири популярдуу. Оюнда эки команда катышат. Бир команда топту таяк менен уруп, мүмкүн болушунча көп упай топтоого аракет кылат. Экинчи команда топту тосуп, атаандаш оюнчуларды оюндан чыгарууга аракет кылат. Крикет атайын чоң аянтта өткөрүлөт. Анын ортосунда узун тик бурчтуу тилке жайгашат. Оюнчулар атайын коргоочу кийимдерди жана жабдууларды колдонушат. Крикеттин негизги максаты — атаандаш командадан көп упай топтоо. Оюндун бир нече форматы бар, алардын айрымдары бир нече саатка, айрымдары бир нече күнгө созулушу мүмкүн.