Дене тарбия жана спорт агенттигинин директоруна жаңы орун басар дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 6 октябрь 2026 15:05
838227828_1118564317183451_7656069032203899302_n.jpg
837465033_1118564243850125_464983867081889180_n.jpg
836637267_1118564327183450_4938298521811072766_n.jpg
Алдыга
Артка
838227828_1118564317183451_7656069032203899302_n.jpg
837465033_1118564243850125_464983867081889180_n.jpg
836637267_1118564327183450_4938298521811072766_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Нурсултан Курманалы уулу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.

Ведомстводон билдиришкендей, жаңы дайындалган директордун орун басарын эмгек жамаатына бүгүн, 6-октябрда Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Эржигит Ибраимов тааныштырды.

Нурсултан Курманалы уулу 1994-жылдын 26-августунда Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимди Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Омск академиясынан алып, “Улуттук коопсуздукту укуктук камсыз кылуу” адистиги боюнча окуп бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2013–2018-жылдары — Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөгөн;
  • 2019–2022-жылдары — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана инвестицияларды тартуу секторунда адис, жетектөөчү адис;
  • 2022-жылдын февраль–апрель айлары — Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин коомчулук менен байланыш, эл аралык кызматташтык жана мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2022–2025-жылдары — аталган департаменттин укуктук, кадрдык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 2025-жылдан бери — Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Укуктук камсыздоо жана адам ресурстарын башкаруу башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келген.