Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ротация тартибинде Расул Токтобек уулу Ленин административдик районунун башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин ал Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген.
Ал эми Ленин административдик районунун муниципалдык администрациясынын аппарат жетекчиси кызматына Мехаров Эхемед Харкиевич дайындалды.