Бишкек, 26.10.26 /Кабар/. Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов Астанада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 72 кг чейинки салмакта күч сынашкан балбан көңүл жубатуучу беттеште швециялык Хенрик Даленди 50 секунддан ашык убакытта 8:0 эсебинде жеңди.
Эми Исмаилов дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн килемге чыгат.