Бишкек, 26.10.26 /Кабар/. 26-октябрда Астанада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын төрт балбаны күч сынашат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, алар:
- 63 кг салмакта Афтандил Таалайбек уулу;
- 67 кг салмакта Раззак Бейшекеев;
- 87 кг салмакта Азат Салидинов.
Ал эми 72 кг салмактагы Амантур Исмаилов коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн сактап калуу максатында көңүл жубатуучу беттешке чыгат.
Алдын ала жана көңүл жубатуучу беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:30да башталат.