Вакунов: Кыргызстан Евразиядагы негизги өзгөрүүлөрдүн жигердүү катышуучусу

Коом Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 18:15
IMG_5503.jpeg

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 05.08.26 /Кабар/. Кыргызстан бүгүнкү күндө бүткүл Евразия континентинин келечегин аныктай турган стратегиялык процесстердин жигердүү катышуучусу болуп саналат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Ысык-Көлдө өтүп жаткан Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагындагы “Примаков окуулары” эксперттик сессиясында билдирди.

IMG_5504

Элчи Борбор Азия аймагында болуп жаткан негизги өзгөрүүлөргө токтолду.

“Бүгүнкү күндө дал Борбор Азияда бүткүл Евразия континентинин келечегин аныктай турган процесстер өзгөчө айкын көрүнүүдө. Алар: аймактык кызматташтыктын чыңдалышы, транспорттук-логистикалык картанын жаңыланышы, экономикалык активдүүлүктүн жаңы борборлорунун пайда болушу жана региондун эл аралык саясий потенциалынын өсүшү”, — деди Вакунов.
IMG_5506

Ал кошумчалагандай, Кыргызстан бул процесстердин борборунда тургандыктан, аймактын келечегин талкуулоо эки өлкөнүн саясатчыларынын, окумуштууларынын, мамлекеттик ишмерлеринин жана эксперттеринин катышуусунда дал ушул жерде өтүп жатканы өзгөчө мааниге ээ.

IMG_5505