В5+1 формуласы — бул бизнес кызыкчылыктары жана өз ара пайда алдыңкы орунга чыккан саясий-экономикалык байланыштардын өзгөчө гибриддик концепциясы. Башкача айтканда, бул процессте саясатчылар корпорациялар, компаниялар жана башка экономикалык субъекттер үчүн ортодогу жол көрсөтүүчү ролун аткарышат. Бул тараптардын жалпы кызыкчылык таап, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруусуна шарт түзөт.
Бишкекте башталган эл аралык форумду Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ачты. Ал океандын ары жагындагы өнөктөштөргө Борбор Азияны 80 миллиондон ашык керектөөчүсү бар жана демографиялык профили жаш, бирдиктүү экономикалык аймак катары кароону сунуштады.

"Бүгүнкү күндө биз бул багытты так мазмун менен толтурушубуз керек: идеяларды демилгелерге, байланыштарды туруктуу өнөктөштүккө, ал эми ниеттерди өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсү үчүн иштеген чечимдерге айландыруу зарыл. "B5+1" форматы мамлекет менен бизнестин түз диалогу башталган Казакстандагы биринчи форумда эле өзүнүн практикалык баалуулугун далилдей алды.
Биздин аймак Чыгыш менен Батыштын, Түндүк менен Түштүктүн ортосундагы негизги соода-логистикалык каттамдардын кесилишинде жайгашкан. Масштабдын, демографиянын жана географиянын мына ушундай айкалышы Борбор Азияны глобалдык бизнес үчүн өзгөчө жагымдуу кылат", - деп белгиледи Амангелдиев.
Серепчилердин пикиринде, мындай иштеги жаңычыл идеялар геоэкономикалык реалдуулукту эске алуу менен бышып жетилиши керек. Каспий жээгинен Тянь-Шань тоолоруна чейинки аймактагы бардык өлкөлөр экономикалык өсүш жолунда жана туруктуу өнүгүүдө. Борбор Азиядагы өзгөрүүлөрдүн масштабы ушунчалык чоң болгондуктан кайсы тармакка болбосун инвестиция тартуу ашыктык кылбайт.
Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Улугбек Ерешеев энергетика жана логистикадан баштап, туризм жана айыл чарбасына чейин көптөгөн капиталды көп талап кылган долбоорлор бар экенин айтат.

"Биздин аймак — Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстан — акыркы жылдары саясий позициялары менен өнүгүү принциптери окшош, экономикалары бирин-бири толуктаган жана келечектеги бирге жашоо тууралуу бирдиктүү көз карашы бар коомчулук катары калыптана баштады. Борбор Азиянын геосаясий абалы өзгөрүүлөр доорунда анын өнүгүү уюлдарынын бирине айлануусуна шарт түзүүдө. Ошондуктан, АКШ тараптан, ошондой эле бүткүл дүйнө тарабынан бизге болгон кызыгууну толук түшүнсө болот.
Ушундан улам, азыр ар кандай диалог аянтчалары кайрадан жанданып, жаңы форматка өтүүдө. Бүткүл дүйнө аймактын кандайча өзгөрүп жатканын көрүп, ага ылайыктуу жолдорду издөөдө. Риторика толугу менен өзгөрдү. Мурунку замандарда бизге кандайдыр бир абсурддуу демократиялык реформалар үчүн кредит берген учурлар тарыхта калды. Эми инвестор өзү бизге келип, долбоорлорду жана каржылык салымдардын шарттарын изилдеп, биздин бизнес менен таанышып, өз сунуштарын берип жатат", - деп белгилейт Улугбек Ерешеев.

Бишкектеги форумда АКШнын атынан Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча атайын өкүлү, элчи Сержио Гор катышууда. Ал Трамптын администрациясынын атынан Борбор Азиядагы кесиптештерин жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүн АКШ бул аймактагы бизнести колдоого ниеттенип жатканына жана анын туруктуулугуна кызыкдар экенине ишендирди.

"Президент Трамп Армения жана Азербайжан үчүн уюштурган тарыхый саммиттен бери биз "Трамптын маршруту" деп аталган — Борбор Азия менен Түштүк Кавказды, андан ары Батыш менен Чыгышты байланыштырууга көмөктөшүүчү гүлдөп-өнүгүү жана тынчтык коридорун улантып жатабыз. Биздин ишибиздеги тарыхый кадам — өз ара байланышкан экономикаларды куруу жана бул аймакта тынчтыкты сактоо болуп саналат", - деди Гор.
Албетте, логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана экономиканы диверсификациялоо өнүгүүнүн кошумча стимулдары болуп саналат жана аймактагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда, эксперттер белгилегендей, АКШ ушул күнгө чейин Борбор Азияда олуттуу инвестициялык активдүүлүк көрсөтө элек. Башкача айтканда, Бишкектеги форум — бул бизнестин кызыкчылыктарына таянуу менен өз ара кызматташтыктын алгачкы контурларын чийүү аракети болуп саналат.

Экономисттердин пикиринде, ар бир финансы адиси инвестициялоо боюнча чечим кабыл алардан мурун кырдаалды түшүнүп, талдоо жүргүзүүсү, өз кызыкчылыктарынын чөйрөсүн белгилеп, сүйлөшүүлөрдү баштоосу маанилүү. Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы мындай маанилүү жолугушуу алгачкы ирет өтүп жаткандыктан, позицияларды макулдашуу жана кызыкчылыктарды туташтыруу үчүн табигый түрдө белгилүү бир убакыт керектелет.
Форумдун максаты дал ушул — пландар конкреттүү долбоорлорго айланып, өз ара пайдалуу кызматташтыктын реалдуу натыйжалары көрүнө башташы үчүн шарт түзүү. Бул B5+1 формуласынын теориялык иштеп чыгуулар бойдон калбастан, иш жүзүндө иштеп кетишин камсыз кылууга багытталган.