"Манас" аэропортуна барчу жаңы жол салынат

Коом 17 январь 2026 18:43
614476971_1196044096037668_464135586760218533_n.jpg
614382983_1196044152704329_5055497322787479710_n.jpg
615344735_1196043992704345_962600866329894763_n.jpg
615877995_1196043959371015_43343877139877046_n.jpg
618127717_1196044122704332_8783010360133440651_n.jpg
Алдыга
Артка
614476971_1196044096037668_464135586760218533_n.jpg
614382983_1196044152704329_5055497322787479710_n.jpg
615344735_1196043992704345_962600866329894763_n.jpg
615877995_1196043959371015_43343877139877046_n.jpg
618127717_1196044122704332_8783010360133440651_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 17.01.26. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортуна барчу альтернативдүү жол куруу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев долбоор менен таанышты.

Жеринде транспорт министри Абсаттар Сыргабаев баштаган министрликтин өкүлдөрү алдыда аткарыла турган иштер, долбоордун максаты, техникалык өзгөчөлүктөрү жана ишке ашыруу этаптары боюнча маалымат беришти.

"Төрт тилкелүү жолдун жалпы узундугу 17 чакырымды түзөт. Бишкектин түндүк айланма жолу менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен баштала турчу жолдо эки деңгээлдүү жол түйүнү, жарыктандыруу, жашылдандыруу каралган. Алдыда изилдөө жана долбоорлоо иштери жүрөт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Чүй облусундагы Мраморное айылынан Виноградное айылына чейин узундугу 8,7 чакырым эки тилкелүү жол жана көпүрө куруу каралууда.

Белгилей кетсек, аталган долбоор унаа тыгынын азайтууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана инфраструктураны жакшыртууга багытталып, аймактар аралык байланыштарды жеңилдетмекчи.