Ошто энергетиктерге кызматтык имарат курулду

Коом 543 24 Ноябрь 2025 09:52
587091108_835739405717703_8679250744119291851_n.jpg
586836544_835739402384370_3756813849347794932_n.jpg
Алдыга
Артка
587091108_835739405717703_8679250744119291851_n.jpg
586836544_835739402384370_3756813849347794932_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Энергетика министрлиги

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. “Узловая” көмөк чордонунда кызматкерлерге имарат курулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Ош электр тармактар ишканасына таандык Көмөк чордондор кызматынын Ош тайпасынын электр слесарлары үчүн жаңы кызматтык имарат курулду.

Ал Ош шаарынын Жапалак айылында ДЭУ-21 көчөсүндө “Узловая” көмөк чордонунун жанында жайгашкан.

Долбоор “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы тарабынан каржыланып, жалпы сметалык баасы 7060,76 миң сомду түздү. Имаратта иш бөлмөлөрү, санитардык жана кийинүүчү жайлар бар. Мында кызматкерлерге коопсуз жана ыңгайлуу иш шарттары түзүлүп, милдеттерин сапаттуу аткаруусун жакшыртат.

Курулушта энергияны үнөмдөөчү жана экологиялык жактан коопсуз материалдар колдонулду. Имараттын курулуш иштери дээрлик аяктап калды, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.