Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Күн мурун Ош облусунун Кара-Суу районунан 1977-жылы туулган Б.У. аттуу жаран алдамчылыкка шектелип кармалды.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Б.У. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү бир нече жарандын мүлкүн жана акчасын алдоо жолу менен тартып алганы белгиленген. Келтирилген чыгым 2,5 миллион сомдон ашык деп бааланууда.
Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен бир нече кылмыш иши козголгон.
Шектүү Ош шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.