УТРКнын Нарындагы бөлүмүнө жаңы имарат курула баштады

Коом 29 Июль 2026 17:20
760724460_122120055705024257_8791470529513636269_n.jpg
760826546_122120055675024257_1602667421842457201_n.jpg
759688493_122120055657024257_5386311150313489025_n.jpg
759078385_122120055633024257_1844712788280992458_n.jpg
760826111_122120055621024257_1476103916379958589_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. УТРКнын Нарындагы бөлүмүнө жаңы имарат курула баштады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 20 жылдан ашык убакыт бою кызматкерлер 1952-жылы курулган эски имаратта иштеп келишкен. Бул көптөн берки көйгөй президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен чечилип, жаңы заманбап имараттын курулушу башталды.

“Жаңы имарат жер төлөөсүн кошкондо 4 кабаттуу болуп, жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзөт. Ичинде 4 студия, пресс-борбор, ар бир кабарчыга шарты менен кабинеттер жана заманбап монтаж бөлмөлөрү болот”, - деп жазды Орунбеков.