Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Ушул аптада Таш-Көмүр шаарында 96 батирлүү турак жай жашоочуларга берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Маалымдалгандай, бүгүн Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы 9 кабаттуу 12 үйдөн турган “Асман-Резиденс-4” турак жай комплексинен 153 жаранга батирдин ачкычы тапшырылды. Жыл аягына чейин турак жай комплексиндеги жалпы 945 батир кезекке турган жарандарга берилип бүтөт.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча 9 айда үйгө муктаж болуп, кезекке турган жана үлүштүк курулуш механизми менен 50%ын берген 3 621 жаранга батир берилди.