Урмарал унаа жолундагы жаңы кɵпүрɵнүн курулушу кызуу жүрүүдɵ

Аймак Загрузка... 28 Март 2025 15:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Бакай-Ата районундагы Урмарал авто жолундагы жаны кɵпүрɵнүн курулушу кызуу жүрүүдɵ.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда авто жолдун 21-чакырымында жайгашкан авариялык коопту кɵпүрɵ демонтаждалып, жаңы кɵпүрɵнү куруу иштери кызуу жүрүүдɵ. Суу ɵтүүчү түтүктɵр орнотулуп, кɵпүрɵнүн жээгин бекемдɵɵ иштери аткарылууда.

Оңдоо иштери пландалган график боюнча жүргүзүлүп, сапатына өзгөчө көңүл бурулууда.

Аталган кɵпүрɵ аркылуу Ат-Ойнок, Табылгыты, Беш-Кɵл жайлоосуна, жергиликтүү жашоочулар кана эмес жаратылыш коруктарына барган туристтерге да ыңгайлуу шарт түзүлүп, жол коопсуздугун камсыздалууда.

Калыбына келтирүү иштери учурдагы бюджеттин эсебинен №47 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан жүрүп жатат. Жаан –чачындын токтошу менен курулуш иштери толугу менен аяктап кɵпүрɵ аркылуу каттам камсыздалат.