Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Бүгүн түнү Бишкектин И.Ахунбаев менен Б.Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.
Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, түнкү саат 00:10дор чамасында 2005-жылы туулган С.Б. аттуу айдоочу Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен И.Ахунбаев көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй бара жаткан.
Б.Алыкулов көчөсү менен кесилишкен жерде айдоочу рулду башкара албай калып, анын кесепетинен электр мамысын сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен унаанын жүргүнчүсү 2003-жылы туулган М.Б. денесинен жаракат алып, медициналык мекемеге жеткирилген.
Бул факт Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталып, керектүү экспертизалар дайындалды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим чыгарылат.
Учурда тергөө иштери уланууда.