Көк-Мойнок-Кубакы жолундагы жол белгилер алмаштырылып, таштандылар тазаланды

Аймак 926 21 Февраль 2025 14:36
480746754_941428344832579_6586358441811180745_n.jpg
480680254_941429108165836_2358852158103996144_n.jpg
480525865_941428461499234_2490026847878728434_n.jpg
480525910_941428348165912_1265953005184321294_n.jpg
Алдыга
Артка
480746754_941428344832579_6586358441811180745_n.jpg
480680254_941429108165836_2358852158103996144_n.jpg
480525865_941428461499234_2490026847878728434_n.jpg
480525910_941428348165912_1265953005184321294_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Көк-Мойнок-Кубакы жолундагы жол белгилер алмаштырылып, таштандылар тазаланды.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын № 955 Жол тейлөө мекемеси тарабынан Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолундагы (0-26-чакырымдар аралыгы) эскирген жол белгилерин алмаштыруу менен таштандыларды тазалоо иштери аткарылды.

Анда жолдун 0-26-чакырымдар аралыгында ыргытылган таштандылар жана башка тиричилик калдыктары чогултулду.

Белгилей кетсек, Орто-Токой суу сактагычына токтоп, жаратылышка суктанып, башкысы коопсуз жерде сүрөткө түшүү максатында атайын тосмолор тосулган жайдын (фотозона) айланасы таштандыга тез толгондуктан байма-бай тазаланып турат.

Ошондой эле, тазалоо иштери Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 221-270-чакырымдар аралыгында да аткарылды.

"Мындан улам, Транспорт жана коммуникциялар министрлиги жарандарды табият менен таттуу мамиледе болуп, жолго таштанды таштабоого чакырат",-деп айтылат маалыматта.