Унутта калган улуттук оюн. Элеттик мырзалардын эрмеги

Аймак Загрузка... 09 Февраль 2026 17:27
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Кайыр Жайлообекова

Бардык материалдар

Кочкор районунун Төлөк айылынын тургундары ар кыш сайын ордо оюнун уюштуруп турушат. Жергиликтүүлөр муну салтка айлантып алышкан. Аксакалдарын айтымында, ордо жөн гана көңүл ачуу үчүн эмес, айыл элинин башын бириктирип, ынтымакты бекемдөө максатында ойнолуп келет. Анын үстүнө ордо кыргыз элинин байыртан бери келе жаткан улуттук оюндарынын бири. Маалында ал аскердик тактиканы өздөштүрүү, стратегиялык ой жүгүртүүгө жана жоокерлерди чыдамкайлыкка үйрөтүү үчүн колдонулган. Бара-бара дүйнөдө согуш азайып, адамзат цивилизация дооруна өтүп, кыргыздын ордо оюну да унутулуп кеткен. Мындан улам тарых таанып, салт билген аталар унутта калган оюнду жандантып, жадакалса тестиерлерге чейин үйрөтүп койгон экен.

Муктарбек Аблесов, Кочкор районунун Төлөк айылынын тургуну

Ордо - кыргыздын илгертен ойнолуп, бирок биздин заманда унутулуп калган оюну болчу. Бизге аны аталарыбыз үйрөтүп кеткен. Биз да өз кезегинде, өсүп келе жаткан муунга үйрөтүп жатабыз. Ордо негизинен ханды коргоо үчүн чыгарылган оюн экен. Мында эки команда ойнойт. Ар биринде жетиден киши болот. Оюнда алтымыш сегиз чүкө колдонулат. Бир команда утуш үчүн колдогу абалак менен ханды кошуп, калган чүкөлөрдү белгиленген чийинден айдап чыгыш керек. Уткан соң чүкөлөрдү экинчи командага салып берет. Алар атып баштайт. Эгер ата албай калышса утулушат.

Ордо оюну көбүнчө ачык талаада ойнолот. Оюндун негизги куралы — чүкө. Эрежеге ылайык, катуу жерге тегерек сызык чийилип, анын ортосуна хан деп аталган чүкө коюлат. Калган чүкөлөр жоокер болуп эсептелет. Оюнчулар 7 метр аралыкта туруп, абалак же томпой менен тегеректин ичиндеги чүкөлөрдү атып чыгарууга аракет кылышат. Негизги максат — хан чүкөнү сызыктан айдап чыгаруу.

“Оюн кышка маал, жер тоңгон кезде ойнолот. Биздин башка аймактардан болгон айырмачылыгыбыз - абалак. Абалак кулжа, текенин мүйүздөрүнөн төрт бурчтуу болуп жасалат. Ал эми Ош, Талас жактарда ордону томпой менен атышат. Биз күнүгө ойнойбуз. Эки жактан конок чакырып алып мелдешебиз. Нарындын башка райондорунан, Бишкек шаарынан, Ысык-Көл, Чүйдөн келишет. Өзүбүз дагы облусттук, республикалык оюндардан калбай катышып турабыз”, - деди Муктар Аблесов.

Бүгүнкү күндө ордону саналуу гана аймактарда ойношот. Ал улуттук оюн болгондуктан, көбүнесе Нооруз майрамында жана улуттук оюндар фестивалдарында ойнолот.