Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев 9-декабрда Франкфурт-на-Майн шаарында Германиянын алдыңкы инвестициялык фонддорунун жана банктарынын жетекчилери, анын ичинде Union Investment компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн жана Кыргызстандын 2030-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн прогнозун сунуштады.
Финансы министри белгилегендей, жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясат Кыргызстанда туруктуу өсүштү жана бюджеттин кирешелүүлүгүнүн көбөйүшүн камсыздап, эл аралык өнөктөштөрдүн жана инвесторлордун ишенимин арттырууда.
Өз кезегинде Union Investment компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, өлкөдөгү каржы институттары менен жолугушууларды өткөрүүгө, ошондой эле кызматташууну тереңдетүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кененирек изилдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.