Электрондук коммерция базардагы салттуу сооданы толук жойбойт. Экономист менен маек

Экономика Загрузка... 18 Май 2026 12:50
WhatsApp Image 2026-05-14 at 18.37.12.jpeg
copyright icon Кабар

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын экономикасы, өзгөчө чакан жана орто бизнес өндүрүш жана экспорт үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан инструменттерди ийгиликтүү колдоно баштады. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымында, 2025-жылы электрондук коммерциянын өлкө ичиндеги айлануусу 525 млн долларга чыкты. Бул сумма жакынкы жылдары чек аралар арасындагы операцияларды кошкондо 1 млрд долларга жетери божомолдонууда. Бул арада ондогон жылдар бою Кыргызстан эле эмес, Борбор Азиядагы сооданын күн тартибин түзүп келген "Дордой", "Кара-Суу" сымал ири базарлар иштөө форматтарын өзгөртүүгө мажбур болушууда.

Кыргызстанда онлайн сооданын мааниси 2020-жылы орун алган коронавирус маалындагы чектөөлөрдө өзгөчө билинди. 2021-жылы Экономика министрлиги "Электрондук коммерция жөнүндө" мыйзамды иштеп чыгып, ишке киргизди. Ага улай интернетте соода кылган ишкерлер үчүн жеңилдетилген шарттар түзүлүп, бир катар салык түрлөрүнөн бошотулуп, 2%дык атайын салыктык тартип менен иштеп жатышат. Акыркы беш жылдагы санариптештирүү, интернеттин жеткиликтүүлүгү жана товар буйрутма берүү, аны жеткирүү, деги эле ыңгайлуу логистиканын түзүлүшү бул сектордун кардарларын көбөйтүп, өлкөдөгү электрондук коммерцияны тездик менен өнүктүрүүдө.

Мындай ыргак менен улана берсе онлайн соода адаттагы базарларды рыноктон сүрүп чыгарат деген ойлор айтылып келет. Санарип экономика көйгөйлөрү 2026-жылдын апрелинде Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөнү маалым. Депутаттар эл аралык ири маркетплейстердин ишмердигине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын, глобалдык соода платформалары жергиликтүү компаниялардын укугун кыспашы керектигин белгилешкен эле.

Бул арада эксперттер Кыргызстан эгемендик алган жылдардагы каатчылыкта миңдеген жумуш орундарын түзүп, экономикага салымын кошкон "Дордой", "Ош" жана "Кара-Суу" базарлары сымал эбегейсиз зор соода жайлары оңой менен жеңилбей турганын бир ооздон айтып жатышат. Бирок агымдан калбай трансформация болууга мажбур. Базарлар учурда Кыргызстандын эле эмес, Казакстан, Россия баштаган өлкөлөрдүн онлайн коммерциясына, ири соода борборлоруна кетчү товарлар үчүн логистикалык хабдарга айланып жатат. Кыргызстан заманбап бизнестен киреше алып, ошол эле учурда жергиликтүү өзгөчөлүктөгү салттуу базарларын сактап кала алабы? “Кабар” агенттиги экономист Искендер Шаршеев менен маек курду.

— Искендер Шеримбекович онлайн сооданын, маркетплейстердин, деги эле электрондук коммерциянын Кыргызстан экономикасына салымы кандай болууда?

Электрондук коммерция Кыргызстандын экономикасында тез өсүп жаткан секторлордун бири. 2025-жылы ички онлайн соода рыногу 525 млн долларга жеткен, бул өткөн жылга салыштырмалуу 15% өсүш дегенди билдирет. Өткөн жылдын биринчи жарымында 1 миллионго жакын онлайн-транзакция жүргүзүлүп, суммасы 56%га өскөн. Демек, бул тармак чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн күчтүү драйвери болуп жатат. Жаңы жумуш орундарын түзөт, логистиканы жакшыртат жана өлкөнү регионалдык соода чынжырларына интеграциялайт. Wildberries, Ozon, Temu сыяктуу эл аралык маркетплейстердин келүүсү менен өсүш өтө тездеди. Келечекте, 2028-жылга чейин ички соода айлануу 600 млн доллардан ашуусу күтүлүүдө.

Мыйзамдык жана салыктык жактан жөнгө салынганбы?

Ооба, жөнгө салынган, бирок өнүгүү стадиясында. Мыйзамдык базаны алсак, 2021-жылы "Электрондук коммерция жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, 2022-жылдан баштап күчүнө кирген. Анда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, электрондук келишимдер, маалымат коопсуздугу сымал маселелер камтылган. Ал эми салыктарга келсек, электрондук соода, накталай эмес соода үчүн 2% атайын салык режими бар. Чет элдик платформалар да салык төлөөгө милдеттүү. Кошумча катары айтсам, электрондук товарлар үчүн онлайн-ККМ, электрондук төлөмдөр жана бажы режими сымал өзгөчө эрежелер иштейт. Бул багытта мамлекет 2023–2026-жылдарга карата өнүктүрүү программаларын ишке ашырууда. Бирок дагы эле логистика, керектөөчүлөрдүн ишеними жана маалымат коопсуздугу боюнча маселелер бар.

Электрондук соода салттуу "Дордой", "Ош" жана "Кара-Суу" базарларын четке сүрөт деген пикирлерге кошуласызбы?

Толук четке сүрө албайт, бирок олуттуу өзгөртүүлөргө түрткү берет жана аларды толуктайт. "Дордой", "Ош" жана "Кара-Суу" базарлары — өлкөнүн соода инфраструктурасынын негизи, миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылып келет. Негизинен дүң, импорт, реэкспорт менен иштейт эмеспи. Онлайн соода алардын чекене товар, керектөө товарлары сымал айрым сегменттерин ээлеп алды — көптөгөн соодагерлер Wildberries жана башка платформалар аркылуу иштей башташты. Ал тургай "Дордойдо" Ozonдун пункттары ачылган. Келечекте гибриддик модель күтүлөт дей ойлойм. Мисалы, базарлар дүң жана арзан товарлар үчүн сакталып, онлайн соода— ыңгайлуулук, жеткирүү жана кеңири ассортимент үчүн кызмат кылат. Анын үстүнө базарлар да өз платформаларын түзүп онлайнга өтүп жатышат. Электрондук соода базарларды толук алмаштырбайт, анткени көптөр үчүн баа, түз байланыш жана ишеним маанилүү. Бирок атаандаштык күчөп, базарларды модернизациялоого мажбурлайт. Жалпысынан, электрондук коммерция экономиканы диверсификациялап, бирок салттуу сооданы толугу менен жок кылбайт.

Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Ишиңизге ийгилик.